Menu

Айэркин Саймаитинин өлүмү боюнча өкмөт маалыматы жабык эшик артында өтөбү?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-ноябрда парламентке түштөн кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чакырылган, анын келүүсү күтүлүүдө…

Анда жеке ишкер Айэркин Саймаитинин өлүмү боюнча маалыматты угулаары айтылды. Бирок, ал маселени «жабык эшик артында карайлы”,- деген да депутаттар болду. Алсак, Дастан Бекешов: “өлкөдөгү коопсуздук маселесин өз алдынча талкуулап алуу керек. Биз ички, сырткы маалыматтык коопсуздук маселесин талкуулашыбыз абзел. Саймаити боюнча толук маалыматты өкмөттү угуубуз зарыл. Бул Айэркен Саймаитинин өлүмүнө гана байланыштуу эмес. Биз дос өлкөлөрдүн маалыматтык сайттарында дагы Кыргызстандын коопсуздугу жөнүндө ар кандай кептер айтылууда»,-деди. Анын сөзұн депутат Руслан Казакбаев да колдоду. Н.Никитенко, Ж.Акаев, К.Бокоев да бул маселе боюнча сөзсүз өкмөт маалымат бериши керектигин баса белгилешти.

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Бирок ал журналисттердин суроосунан качып, жооп берүүдөн баш тартып келген. Ал кечээ ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги кечээ расмий маалымат тараткан.

Аны менен катар кечээ, 12-ноябрда Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин айтылган. Бул окуя боюнча Түркия ММКлары өз мамлекетинин айткандарын жазып чыгышууда.

Биздин Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 13-ноябрда “Саймаитини өлтүрдү» деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирди.

Бүгүнкү сессияда бул маселени айрым депутаттар көтөрүп чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: