15-ноябрда Баткен облусунун ИИБиси билдиргендей, Лейлек районунан буга шектүү жаран кармалган. Июнда Сокулук районунун тургуну Лейлектин Арка айылындагы мал базардан Тажикстандын жаранына дүңүнөн мал сатып, тигил 77 миң сомун берип, калган 300 миңди кийинчерээк берем деп коюп, карызын ошол бойдон бербей койгон. Жабырлануучу Чүйдүн малын Лейлекке чейин алып барып, шектүү киши менен чогуу иштешчү экен.
Бул боюнча Лейлек ОИИБиси тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, натыйжада Тажикстандын Сарикамар шаарынын тургуну 35 жаштагы шектүү киши колго түштү. Ал камакка алып, азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ