Menu

Алмаматовго  буга чейин Кыргызстан ичинде издөө жарыяланса, эми КМШ аймагында мамлекеттик аралык издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго  буга чейин Кыргызстан ичинде издөө жарыяланса, бу жолу КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Эске сала кетсек, УКМК Насирбек Алмаматовду «автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө (ал автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда күнүгө 100 миң сомго чейин пара алып турган деп айыпталган – авт.) коррупциялык схема түзгөн» деп айыптап, атайын видеотасманы  жарыялаган. Ошонун негизинде ал 2018-жылдын 2-ноябрында кармалып, камалган. Анын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту 25-мартта карап, 12,5 жылга кескен. Бирок Бишкек шаардык соту 9-июлунда ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны үй камагына чыгарган. Кийин Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз жазган. 30-октябрда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун жарыялаган өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку Соттун чечими менен Н. Алмаматов кайра камалышы керек болчу.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: