Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Россия Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, 2020-жылдагы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте өтө турчу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сессиясынын алкагында иш чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Эскерте кетсек, буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинден куттуктоо телеграммасын алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ