Menu

Кайрадан өкмөт башчы М.Абылгазиевдин туугандары аралаша баштадыбы?

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күнү “Чакыр япы ва тижарет” ачык коому Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аткаминерлери көбүртүп-жабырткан жалган коорупциялык ызы-чуунун чок ортосунда болуп калды. Бул тууралуу 19-ноябрда компаниянын өкүлдөрү билдирди.

“Өткөн жумада биздин жактоочулар басма сөз жыйынын өткөрүшкөн. Эми аларга каржы полициясы тарабынан кысым болуп жатат. Мурда айтып чыккан маалыматтарды жокко чыгаргыла деген шарт коюшуптур”, – дейт “Чакыр япынын” директору Шүкрү Чакыр.

Ал бул ызы-чууга аралашкан аткаминерлер жеке тарап Мирлан Исагалиев менен байланыштары бар деп эсептейт. Ал “Чакыр япынын” субподрядчиги болгон. “Мирлан Исагалиев каржы полициясынын төрагасынын орун басары менен өнөктөш байланышын пайдаланып жатат, ал эми орун басар Кыргызстан премьер-министринин тууганы. Дал ошол киши компания жөнүндө жалган маалымат таратып жатат”, – деп айтылат маалыматта.

“Чакыр япы ва тижарет” ачык коому эл аралык келишим тарапта. Ага ылайык, бардык талаш маселелер эл аралык арбитраждык сотунда чечилүүгө тийиш. Бардык мыйзамсыз аракеттер үчүн сотко берүүгө документтерди даярдай баштадык. Бардык зыянды кыргыз өкмөтүнө коебуз. Entes түрк компаниясынын тажрыйбасына салабыз. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз иштери менен эки эл аралык долбоорду токтотуп жатышат, бул өлкөнүн социалдык жана финансылык абалына оор тиет”, – деп айтылат маалыматта.

“Компания мыйзамсыз түрдө өлкөдөн акча чыгарган” деген жалган жалаа аркылуу “Чакыр япынын” гана беделине доо кетирбестен, Ислам өнүгүү банкынын кадыр-баркына да шек келтиришти. Анткени донор-банктын катыштыгы жок акча чыгаруу мүмкүн эмес. Бизди каржы полиция кызматкерлеринин иштин көзүн билбегендиги кейитет. Алар эл аралык келишим жана аны жүзөгө ашыруунун мехиназмдерин билишпейт экен. Анысы аз келгенсип, ЭККМКнын төрагасынын орун басарынын буйругу менен соттун чечими жок эле подрядчиктин акча каражаттарын алып коюшту. Бул эл аралык долбоорлорго мыйзамсыз кийлигишүү болуп калат. Алар бул кылганы менен башка жаңы долбоорлорго балта чаап жатышат. Донорлор менен подрядчиктер инвестициялык климаты начар өлкөдө иш алып баруудан качып калат. Ушуну түшүнбөй жатышат”, – дешет “Чакыр япынын” өкүлдөрү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: