Бүгүн, 20-ноябрда, Аксыдагы массалык мушташкан окуучу кыздардан улам мугалимдер кызматынан алынды. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчылар жазып чыкты.
Алардын айтымында, Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы № 10 мектептеги 10-11-класстын окуучулар менен ата-энелердин катышуусундагы чоң чогулуш болгон. Ага акимдин 1-орун басары Т.Эмилбек уулу, социалдык маселелер боюнча орун басары Д.Абдылдаева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Зыябекова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ш.Тангиров, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Осмонова катышкан. Мектептин директордун айтымында, окуучу кыздардын ортосунда пикир келишпестиктен улам, мушташ келип чыккан. Кыздардын эч кимиси оор жаракат алган эмес. Окуу өз нукунда жүрүүдө. Мектеп окуучуларына бул багытта ата-энелер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектиги белгиленген. Жыйынтыгында, мектептин директору, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары ээлеген кызматынан бошотулган.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы мектептеги массалык мушташы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ушул эле күнү милиция тарабынан ал жер – Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы № 10 мектептеги 10-11-класстын окуучулары экени аныкталып, урушту баштаган кыздардын анабашын издеп жатканы маалым болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ