Menu

Кенжебек Бокоев, ЖКнын депутаты: “Аким отчетту бир эле өкмөт башчыга эмес, элге, же жергиликтүү кеңештин депутаттарына да берсин”

Бөлүшүү:

– Кенжебек Сатымкулович, акимдер тууралуу мыйзам долбоору парламентте аябай чоң талкууну жаратты. Бул боюнча сиздин позицияңыз кандай?

– Бул жерде Конституциянын багытына, салык, бюджет жөнүндөгү кодекстерге жана бир топ атайын мыйзамдарга каршы келген нормалар сунушталууда. Мындайча айтканда, демилгечилер акимдерди текшерүүчү, мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү орган кылып коюшмакчы. Мыйзамда «мамлекеттик көзөмөл» деген түшүнүк жок. Жергиликтүү кеңеш эки жолу айыл өкмөтүн шайлай албай калса, аким түздөн-түз башкарууну киргизип коёт. Ал башкарууну киргизген адам жаңы кеңеш келгенче өзү жергиликтүү бюджетти бекитип, чыгымдарды жумшай берет дейт.

Айыл өкмөтүн эки жолу шайлай албай калса, кеңешти кетирүү – бул президенттин укугу. Атайын конституциялык норма бар. Фонддун жерлери боюнча да бир нече өзгөртүүлөр киргизилип жатыптыр. Эгер ушул калыбында кабыл алынса, эртең акимдер башка жумуш кылбай эле жалан жер бөлүштүргөн, жер таратуучу орган болуп калат. Бир райондо он айыл өкмөтү болсо, аким алардын баарын кыдырып, конкурс менен арендага таратышы, келишим түзүп, алардын акчасын чогултушу керек. Бул мыйзам долбоору өткөн күндө деле аны акимдер аткара албайт. Мен буга кепилдик берем.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жер боюнча 150гө жакын кылмыш иши айыл өкмөттөрүнө козголуп жатат. Эртең ошол кылмыш иштеринин баары 40 акимге өтө турган болот. Андан тышкары, салык, экотехинспекция, карантин кызматы сыяктуу кызматтардын баары райадминистрациянын ичине кирет экен. Демек, баардык кызматтарга: сууга да, мамлекеттик каттоого да министрликтер, ведомстволор эмес, жалгыз аким жооп бере турган болуп калат. Мен ойлойм, буга министрликтер деле макул болушпайт. Макул болсо да «биз жооп бербейбиз, аким жооп берсин» деп чыгышат.

– Баса, бул мыйзам долбооруна өкмөттүн тыянагы кандай экен?

– Алар «кайра иштеп чыгыш керек» деп тыянак беришкен. Бирок, демилгечилер ага болбой эле «экинчи окууда оңдоп кетебиз» деп «торпедиялап» жатышат. Мен ойлойм, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тууралуу мыйзамды жаңы мыйзам түрүндө кайра эле жазып чыгыш керек болчу. Эки-үч жерин өзгөртүп койгон менен эле биз акимди күчөтө албайбыз.

– Азыр чындыгында акимдер лента кескен эле кишиге айланып калбадыбы. Балким, аны күчтөндүрүп, бийлик вертикалын чыңдайлы деген ой болгондур?

– Вертикалды чыңдаганда жоопкерчиликти да кошо чыңдаш керек да. Бүгүнкү күндө аким жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына отчет берет. Ал норманы алдырып салып атат. Тескерисинче, «каалаган айыл өкмөтүнүн жыйынына кеңеш берүүчү добуш менен катыша алат, каалаган маселе боюнча кеңешти чакыра алат» дейт. Анын укугу президенттикинен да чоңоюп кетип атат. Менин пикиримде, аким отчетту бир эле өкмөт башчыга эмес, элге, же жергиликтүү кеңештин депутаттарына да бергенин калтырыш керек.

– «Соттолгон адам аким боло албайт» деген нормага кандай карайсыз?

– Мен колдойм. Бирок, ал биринчи президенттен башталышы керек. Өзгөчө оор кылмыш кылган кишилер президент, премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары боло албашы керек. Анан кийин акимге киргизели. «Башкалар боло алат, аким гана боло албайт» деген туура эмес.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: