22-ноябрда ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев (“Республика-Ата Журт”) Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар жана бажыдагы коррупция жөнүндө «Азаттык», Kloop жана OCCRP электрондук басылмалардын журналисттик иликтөөлөрүнөн кийин башкы прокуратура токтоосуз кылмыш ишин козгооого тийиш экенин белгиледи.
Азыр Кыргызстанда дал ушул журналисттик иликтөө кеңири талкууланып жаткан учуру.
“ Кылмыш иши козголдон тышкары, экномикалык иштер менен алек болгон күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кызматтан кетүүгө милдеттүү. Өкмөт да чечкиндүү чара көрбөсө болбойт. Эч нерсе кылышпаса, парламент өкмөттүн да кетишин талап кылат”, – деди депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ