Бул тууралуу 25-ноябрда “Бир бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүнү Facebook баракчасына жазып чыкты:
“Урматтуу мекендештер, Кытай жараны Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым. Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем.
Ошондуктан, коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгуу туура деп чечтим.
Комиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Комиссиянын ишинин жүрүшү ачык болот деп ишенем”.
Өткөн апта соңунда аталган комиссиянын мүчөлүгүнөн чыкканын депутат Искендер Матраимов (КСДП) да билдирген эле.
Ал комиссияга кирген депутаттардын тизмеси: КСДП – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Искендер Матраимов; “Республика-Ата Журт” – Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов; “Кыргызстан” – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов; “Өнүгүү-Прогресс” – Тынчтык Шайназаров; “Бир бол” – Алтынбек Сулайманов; “Ата Мекен” – Алмамбет Шыкмаматов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ