25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов “Манас” кыргыз-түрк университетинин коммуникациялык факультетинин студенттери менен жолугушту.
Студенттердин айтымында, Д.Бекешов соцтармактардагы фейк жаңылыктар, троллинг, хайп, пиар жөнүндө жана депутаттар бул түшүнүктөрдү кандайча пайдалана тургандыгы тууралуу айтып берген.
Жолугушуу соңунда депутат катышуучулар арасында Генри Форддун китепбин ойнотуп, Instagramдагы баракчасы көрсөтүлгөн жана орусча “Пососи и подпишись” (“Сор да, колуңду кой”) деген жазуусу бар момпосуйларды тараткан.
Бул жазуу боюнча Дастан мырза: “Ойлонуп көрүп, тамашалап коеюн дедим” , – деп түшүндүргөн.
Соцтармактагы баракчасында Д.Бекешов студенттер менен жолукканы жөнүндө жазып, бирок “тамаша” момпосуйлар жөнүндө эч нерсе айткан эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ