“Манас” аэропортунан башка адамдын паспорту менен качууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-декабрда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, кечээ, 20-декабрда Бишкек–Москва каттамы менен “Манас” аэропортунан учуп кетүүгө аракет жасаган адам кармалган. Ал 1994-жылы туулган М.М. аттуу адамга таандык паспортту көрсөткөндө чек арачылар сүрөттөгү айырмачылыкты байкап калышкан. Ал дыкат текшерүүгө алынганда Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынганы аныкталган. Мыйзам бузганы үчүн ага УКМКнын кызматкерлери чара көрөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ