Көк-бөрүчү Манас Ниязов Таласта конок болуп, аргымак минди. Бул тууралуу таластыктар социалдык тармакка жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, Ош облусунун көк бөрү боюнча «Достук» командасынын башчысы Манас Ниязов Таласка конокко барып, күйөрмандарынын кучагында калган. Алар башына калпак кийгизип, үстүнө чепкен жаап, аргымакка мингизишкен. Манас Ниязов касиеттүү Таластын элине ырахматын айтып, ыраазы болуп, мындай белек көк бөрүчүлөргө стимул болоорун айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ