Menu

УКМК: Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды

Бөлүшүү:

Жекшемби, 24-ноябрь күнү УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу “А.Ж.” кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Такталгандай “А.Ж.” жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан.

Дүйшөмбү, 25-ноябрь “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: