Menu

Прокурор: “Кеңешчинин иш кагаздар бөлүмү ТИМге эмес, Президент аппаратына жана Энергетика министрлигине кайрылган”

Бөлүшүү:

27-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж,Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо улантылды.

Сот тараптардын жарыш сөзүн угууда.

Мамлекетик айыптоочу У.Коңурбаева Сапар Исаков 2013-жылы 7-июнда өз кабинетинде чогулуш өткөрүп, ЖЭБди модернизациялоо долбоору боюнча Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) менен Энергетика министрлигине Кыргызстандагы Кытай элчилиги менен сүйлөшүүнү жана кеп-кеңеш өткөрүүнү тапшырган.

“Ал чогулушка күбө Өмүралиев катышкан. Ал 2019-жылдын 4-июлундагы сот сурагында чогулушта ал “ИнтерРАОнун” позициясын кароону суранганын көрсөткөн.  Ага С.Исаков: “Ал жактагы бааны көрүп турасыз, 518 млн доллар сурап жатышат.  “ИнтерРАО” боюнча чекит коюла элек, техникалык-экономикалык  негизин иштеп чыгууга акча коротулду” – деген.  Башкача айтканда, ал чогулушта башка компаниялар менен да сүйлөшүү аракети көрүлгөн. 2013-жылдын 10-июнунда ТИМдин орун басары Адамкулов менен Энергетика министринин орун басары Калиев Исакаовдун тапшырмасын аткарышып, Кытай элчиси жана элчилик алдындагы соода-экномикалык маселелер боюнча кеңешчи менен жолугушкан. Алар кыска убакыттын ичинде Кытайдан өз компаниясын колдогон расмий нота келип калышын суранышкан. Ал эми КР мыйзамдары боюнча подрядчикти тандоодо эч кандай рекомендация кереги жок, болгондо да чет мамлекеттен”, – деди айыптоочу айым.

Анын айтымында, 2013-жылдын 11-июнунда Кытайдан ТИМге расмий нота келип, алар жалгыз аткаруучу катары ТВЕА компаниясын сунуш кылышкан. Ошол эле күнү ал нота Исаковго берилген.

“Андан мурун Президент аппаратына Кытай элчилигинин алдындагы соода-экномикалык маселелер боюнча кеңешчинин иш кагаздар бөлүмүнөн 2013-жылдын 4-майында кат келип түшүп, алар ТВЕА компаниясын сунуш кылышкан. Ушундай эле кат ошол эле күнү Энергетика министрлигине келип түшкөн. Бирок бул каттар расмий дипломаттык каналдардан өткөн эмес. Ушул эле катты Артыкбаев Атамбаевге жазган катында келтирип жатат. Ал каттардын негизинде Президент аппараты жеңилдетилген кредиттин алкагында ТВЕА компаниясын тандоо чечимин кабыл алган.2013-жылдын 10-июнундагы нотада элчилик бир гана ТВЕА компаниясын сунуштаган. Ушундан улам 2013-жылдын 4-майындагы катта кеңешчинин иш кагаздар бөлүмү ТИМге эмес, түз эле бул маселеге милдетине жатпаган Президент аппараты менен Энергетика министрлигине багытташкан. Ошондуктан бул кат расмий дипломаттык кайрылуу боло албайт, анын негизинде көңүлгө алынбашы керек”, – деди айыптоочу тарап.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: