Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Жой-Белент айылындагы А.Жуманазаров атындагы орто мектебинин № 2 корпусунда өрт чыккан. Анын кесепетинен имараттын 80 чарчы метр ички жасалгасы, 10 парта, 20 стол, 2 шкаф, 1 доска, эшик жана терезелер күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ