Menu

ЖККУнун Бишкектеги Саммитин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырышууда

Бөлүшүү:

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтүп жаткан кезектеги сессиясынын ишин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн 135 чет өлкөлүк журналисттер аккредитациядан өтүштү, алар Россиянын, Беларустун, Армениянын, Казакстандын жана Тажикстандын 43 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп саналат, ал эми 130 жергиликтүү журналисттер жалпысынан Кыргызстандын 34 жалпыга маалымдоо каражаттарынан келишкен.

ЖМКлар өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору уюштурулган.

Саммиттин жүрүшү Кыргыз Республикасынын  Коомдук телерадиокоропрациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалы аркылуу түз эфирден чагылдырылууда.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: