Орусияга насвайды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары бүгүн жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, шектелип кармалган жаран 127,5 килограммдык насвайды 5 капка салып алып, «Петухово» чек ара өтмөгүнөн өтүп бара жатканда кармалган. Текшерүүдө товардын маркировкасы жок болуп чыккан. Кыргызстандык жаранга карата протокол түзүлүп, убактылуу кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ