Тажикстанда суюлтулган газ кымбаттап, Душанбедеги май куюу жайларында бир литри 3,7-3,9 сомониден сатылууда. Бир жума мурда газдын баасы 3,4 сомони болчу.
Азырынча Тажикстанга газ жеткирүү менен алектенген компаниялар бул абал боюнча эч кандай комментарий бере элек. Өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматы мекеменин адистери газдын кымбатташынын себептерин иликтеп жатышканын билдирди.
Ал ортодо Душанбедеги такси айдоочулары газдын кымбатташынан улам жол кирени көтөрүү зарылдыгы келип чыкканын билдиришүүдө.
Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү автоунаалардын 60 пайыздан ашыгы газ менен жүрөт.
Тажикстанга суюлтулган газ негизинен Казакстандан алып келинет. Мындан тышкары өлкө газды Орусиядан, Түркмөнстандан жана Кыргызстандан аз көлөмдө алат.
Быйыл жазында Казакстан суюлтулган газдын импорттук баасын эки эсеге жогорулаткан. Анда бул өлкө сыртына ташылып жаткан газдын көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу экени айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ