Menu

Видео – Мира Жангарачева, Г.Айтиев атындагы музейдин мурдагы жетекчиси: «Мен министрдин басымы менен эмес, коомчулуктун басымы менен кызматтан кеттим»

Бөлүшүү:

27-ноябрда, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталып, анда эл алдына дырдай жылаңач кыздар чыгып, шок кылган. Алардын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды жана дагы эле алынууда. Бүгүн, 2-декабрда ага каршы акция Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп өттү. Аларды министр Азамат Жаманкулов кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин расмий билдирди. Ошентсе да ага ар кайсы аймактан келген жарандар жана активист жарандар толгон суроо берип, өткөндөрдү (итке калпак кийгизгенди) эсине салды. Акциянын катышуучулары активист жарандар: Мелис Аспеков, Төрөкан Жунусбеков, Айбек Мырза министрге пикирлерин айтып, сунуштарын айтты.

Экинчи тараптын пикирин угуу үчүн жана эмнеге андай кадамга барганы тууралуу жаңы эле кызматынан кеткен Мира Жангарачевага да барып, пикирин уктук. Ал кызматтан министрдин басымы менен эмес, коомчулуктун басымы менен кеткенин жана өзүнүн жана музейдеги кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туулбасын деген ниетте өз каалоосу менен арыз жазганын, айрым адамдар ушунчалык реакция кылаарын жана заманбап искусствосуна каршы чыгаарын мурда билбегенин айтты. Ошондой эле ал аялдардын укугун коргоп келгенин жана коргой бере турганын баса белгиледи. Кыскасы, ал каршы чыккан активист жарандарга таарынычын айтып, алар эми музейди башкарууга өтүп атат деп “уялбай” айткан сөздөрүн өз кулагыңыз менен угуп, өз көзүңүз менен көрүңүз:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган, иш-чара 17 күнгө созулмак. Ага баргандар жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды көрүп шок болгон. Ошондой эле кир кыпчыткыч менен ич кийимдерди кыпчып илип, анда: “Аборт кылуу менин укугум” жана башка дагы коомчулукка, өзгөчө жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылганын окуп, ооздору ачылган. Кыргыздын менталитетине туура келбеген жат көрүнүшкө каршы акция бүгүн (2-декабрда) болуп өттү. Уюштуруучу активист жаран Мелис Аспеков ушуга жол берген маданият министри Азамат Жаманкуловду элдин алдында кечирим сурашын талап кылды. Акциянын талабы менен феминнале токтотулуп, Г.Айтиев атындагы музейдин жетекчиси Мира Жангарачева ээлеген кызматынан кеткен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: