Бул тууралуу 3-декабрда Бишкектин Октябрь райондук ИИБисинин басма сөз кызматы билдирди.
11-ноябрда милицияга башкалаанын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 23-майда 12 кичирайонунан виза алганга жардам берүүгө даяр Ж. аттуу жаранга 1200 доллар берген. Акчаны алып, шылуун качып кеткен.
Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 204- (“Шылуундук”) беренеси менен катталган. Райондук ИИБинин үчүнчү бөлүмүнүн ыкчам тобу 1994-жылы туулган Ж.Ж.ны колго түшүрүшкөн. Алгач абакка киргизилип, анан райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Кимде-ким бул баладан виза же башка алдамчылык иштер боюнча жапа чеккен болсо, милицияга билдирип коюңуздарды суранат: 0 (502) 102327, 0 (552) 102 474 жана 102.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ