Бүгүн, 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Дамас” отелинде болуп өттү. Ага ЖКнын «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары, КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутаттар Темир Сариев, Феликс Кулов жана белгилүү коомдук ишмерлер жана экс-президент Роза Отунбаева барды.
Депутат Рыскелди Момбековдон китеп боюнча оюн сурасак, архивдүү китеп эмес, активдүү адамдын китеби экенин айтты. Мурдагы Текебаевдин китебинин чырын айтам деп чынын айтып алды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин таарынычы эмнеден келип чыкканын айтып берди: “2016-жылы Өмүрбек Текебаевдин Убактылуу өкмөт боюнча китеби чыккан. Андагы президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов китепке кызыгып, автордон китебин сурайт. Алып кетип, андагы президент Алмазбек Атамбаевге алып барып берет. Атамбев жөнүндө фактылар аз жазылып калыптыр. Экөөнүн чыры мына ушундан башталган, экөөнүн чыры китеп болгон. Негизи мен Өмүрбек Чиркешовичтин тагдыры он жыл сайын кайталанып турарарын байкадым. Ал ар бир он жыл сайын кайталаныптыр. Алгач 1996-жылы Аскар Акаевден, 2006-жылы Курманбек Бакиевден, 2016-жылы Алмазбек Атамбаевден куугунтук жеди. Өмүрбек Чиркешович ар бир бийликке катуу, ачуу сын айтып келип, жакпай калган“,-дейт депутат Р.Момбеков.
Рыскелди Момбековдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ