Ушинтип 4-декабрда ЖК жыйынында депутат Нурбек Тотонов (“Республика-Ата Журт”) айтып чыкты. “Негизинен сакалчан жаш балдарды”, – деп кошумчалады.
“Кыргызстанда калктын 90%ы – мусулмандар. Бул багытта сүйлөшүүлөр болуп жатабы? Тыюу салынган агым болсо, түшүнүктүү болмок”, – деди депутат.
Миграция боюнча мамкызматтын статс-катчысы Алмаз Асанов Кыргызстанда андай чектөө жок экенин, бирок бул кабыл алган тараптын мыйзамдарына байланыштуу чыгар дегенсиди.
“Силер сүйлөшүү жүргүзүп жатасыңарбы? Эгерде Аравиядан узун сакалчан киши келсе, кучак жайып тосуп алышат экен, анткени мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүлгөн”, – деди Тотонов.
Алмаз Асанов болсо, мындай факты болуп-болбогонун тактап туруп айтышарын билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ