Menu

18 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүү делип Жалал-Абад шаарынын тургундары кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда жаш өмүргө кол салгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын дарыгери жаш жигитти белгисиз атуулдар учтуу нерсе менен ич жагына сайып, денесине жараат келтиргендигин, жабырлануучу областтык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы боюнча милицияга кабар берген. Ал эми 2 сааттан ашуун операция болгон жаш жигит ошол эле түнү денесинен алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБнин тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулуп, 9-ноябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 39-беренеси (Кылмышка аракеттенүү), 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Каза болгон жаран Сузак районунун тургуну, 2001-ж.т. К.Т. экендиги, окуя өз ара келишпестиктен келип чыккандыгы аныкталып, анын денесинен алган жараатынын оордук даражасын, келип чыгуу себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык, ал эми кийип жүргөн кийимдери алынып ага соттук-биологиялык жана криминалистикалык экспертизалар дайындалып, кылмыш ишине шектүүлөрдү аныктоо максатында тергөө тапшырмалары берилген.

Жалал-Абад ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 2000-ж.т. У.Д. жана Сузак районунун 2002-ж.т. тургуну Н.А. аттуу кыз шектүү катары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: