Чүй облусунун ИИББсынын башчысы Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды жашып эскергенин “Фарм-Альянс” компаниясынын директору, медициналык илимдердин кандидаты Татьяна Дементьева өзүнүн Facebook баракчаысна жазып чыкты. Ал жакында Москвадагы ооруканага барган.
Анын айтымында, Самат Курманкуловдун абалы жакшыра баштаган.
“Сонун сүйлөп калыптыр, тамашалап жатат, бирок окуяны эстегенде, көзүндө жаш терегерип кетти. Бирок бул туура, антпесе болбойт. Экөөбүз бири-бирибиздин колубузду бекем кармап, жакшы сүйлөштүк. Кандай реабилитациядан өтүп жатканын айтып берди. Таттууну жакшы көрүп жатыптыр, мага окшоп…” – деп жазат Татьяна Дементьева.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ