Menu

Коррупция боюнча айткан офицер коркутууга кабылды

Бөлүшүү:

Чек ара кызматындагы кызматкер Талгат Аланов коркутууларга кабылганын жергиликтүү кабарчылар жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, Т.Аланов “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, телефондон белгисиз бирөөлөр чалып, “жок болуп кетесин” деп коркутушкан. Ал боюнча 6-декабрда Башкы прокуратурага кайрылып, мыйзам боюнча чара көрүүнү суранган.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек арага көзөмөл уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери Талгат Аланов журналисттерге интервью берип, «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги коррупция бар экендигин билдирген. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, кызмат орундары акчага сатылаарын айткан. Анын мындай билдирүүсүнөн кийин, дароо эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери журналисттерге жыйын өткөрүп, Алановдун айткандарын четке кагышкан. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин баса белгилеген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: