Menu

Абдималик Ботояров: “Куру жалаанын курмандыгына чалындым”

Бөлүшүү:

Мен Ботояров Абдималик Камбарович, Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын ардагеримин. Чек ара кызматынын ардагер-пенсионери болом. Баткен коогалаңы учурунда жаракат алып, азыркы кезде II топтогу майыпмын. Менин чынында эле Ооган согушуна катышканымды, Баткен коогалаңы учурунда Эл аралык террористтерге каршы согуштук аракеттерге өз ыктыярым менен барганымды төмөндө тиркелген далилдер тастыктайт.

1. Архивная справка Министерство Обороны РФ от 10 февраля 2014 года № 19-040.

2. Медаль «Воину интернационалисту» от благодарного Афганского народа. От 16.02.1986 года.

3. Грамота Президиума Верховного Совета СССРза подписью Председателя Президиума Верховного Совета СССР М. Горбачева. Москва Кремль. От 28 декабря 1988 года.

4. Справка председателя республиканского Совета ветеранов войны КР в Афганистане Н. Торобекова. № 204 от 01.06.2007 года.

5. Справка военного комиссара Кадамжайского РВК М. Т. Ташбекова № 310 от 30.11.2016 года.

6. Справка начальника штаба в-ч 35567 Т. Аманкулова от 2-января 2002 года за № 13-1.

7. КР Президенти А. Акаевдин Ыраазычылык Каты.

Мен 2010-жылдагы Ош окуясы учурунда кырдаалды турукташтырууга активдүү катыштым. Далилдер тиркелет.

1. КР Ички иштер министрлигинин 2010-жылдын 17-майындагы № 16-буйругу. «0 создании отрядов добровольных народных дружин на территории Баткенской области».

2. КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси Э. Каптагаевдин Ыраазычылык Каты. 2010-жыл.

3. Рапорт А, Ботоярова об исполнении Декрета Временного Правительства от 7 апреля 2010 года на имя Председателю РСВВА Торобекову Н. Т. № 03 от 11 апреля 2010 года.

4. Информация председателю РСВВА Торобекову Н. Т. от 17.06.2010 года № 14.

Баткен коогалаңы учурунда согуштук аракеттерде башымдан алган жаракаттан улам 2005-жылы катуу ооруп, 2009-жылы мөөнөтсүз II топтогу майып деп табылганмын. Далилдер тиркелет.

1. Ооруга байланыштуу мен 2005-жылдын 9-августунда №5-телеграмманын негизинде Ош шаарындагы «Юг» госпиталында аскерге жарактуулугум боюнча текшерүүгө Айдаркендеги 2023-аскердик бөлүгүнөн жөнөтүлдүм. Телеграммалар көчүрмөсү тиркелет.

2. Справка ВрИО начальника штаба в-ч 2023 Ж. Жаббарова.

3. Свидетельство о болезни 58. От 27.10.2005 года.

4. Выписка из акта освидетельствования во МСЭК от 21.12.2009 года.

5. Выписной эпикриз № 138 госпиталя «Юг» от 17.07.2006 года.

6. Ош областтык психикалык ден-соолук борборунун 2019-жылдын 20-августундагы № 16-справкасы.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматында 11 жыл 9 ай 13 күн ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп, чек ара кызматынын ардагери наамына ээ болдум. 2016-жылы чек ара кызматынын ардагерлеринин Баткен областтык Кеңешинин төрагасы кызматына шайландым. Далилдер тиркелет.

1. Выписка из приказа командира в-ч 2023 от 1 декабря 2001 года № 251.

2. Выписка из протокола Совета ветеранов ПС КРот 05.10.2016 года.

3. Выписка из приказа «0 поощрении ветеранов ПС КР»11 февраля 2011 года № 54.

2005-жылы ардактуу эс алууга чыгып, 2006-жылдан тартып, Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлеринин Кадамжай поселкалык Кеңешинин төрагалыгына, 2007-жылы Кадамжай райондук Ооган, Баткен согушунун Ардагерлер Кеңешинин төрагалыгына ал эми 2008- жылы Ооган, Баткен согушунун ардагерлеринин Баткен областтык Кеңешинин төрагалыгына шайландым. 2011-жылы Ооган согушунун жана башка согуштук конфликтке катышкандардын аймактык Бирикмесинин төрагалыгына шайландым. КР мергенчилер коомунун Ош, Баткен областтарынын ыктыярдуу коомдук уюмун түзүп, түптөдүм жана бул коомдук уюмда 2006-жылдан 2009- жылга чейин төрагалык милдетти аткарып үзүрлүү эмгектендим. 2011-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын ЖК депутаты Н.Н. Торобековдун Баткен областы боюнча коомдук башталыштагы жардамчысы болдум. 2012-жылы Ооган согушунун ардагерлеринин «Биздин гезит» газетасы мага «Жылдын ардагери» наамын берди. Күбөлүктөрдүн көчүрмөсү тиркелет.

Менин көп жылдык үзүрлүү эмгегим 20дан ашык сыйлыктарга татыган. Сыйлыктар тизмеси тикелет.

Ардактуу эс алууга чыгып, жогорудагы коомдук кызматтарды аркалоо менен мен «Афганистан согушунун ардагерлер жана башка куралдуу кагылышууларга катышкандардын аймактык Совети» Коомдук бирикмесин, «Жети Баатыр» Баткен коогалаңына катышкандардын коомдук уюмун» түзүп, ардагерлердин турмуш-шартын жакшыртууга, алардын көйгөйлөрүн чечүугө жан дилимден аракет кылдым. Баткен областы боюнча ар бир район, шаарга Ооган, Баткен согушунун ардагерлеринин кеңселерин ачып, жергиликтүү бийлик менен тыгыз карым-катнашта иштөөнү жөнгө салдым. Коңшулаш Араван районунда «Баткен коогалаңынын жана Ооган согушунун катышуучуларынын аймактык Коомдук уюмун» түзүүгө көмөктөшүп, БТР-70 аскердик техникасы орнотулган эстеликти Төө-Моюн айылында ачтык. Мындан тышкары, жаш муундарга патриоттук тарбия берүү ишине салым коштум. Жер-жерлерде ардагерлерге жер участкаларын ажыратып берүүгө, мурда кызмат, буюм иретинде мамлекет тарабынан берилүүчү колдоолорду акча иретинде бердирүүгө жетиштим. Кадамжай шаарындагы Ооган согушуна жана Баткен коогалаңына катышкандардын сейил багына коюлган БТР менен түбөлүк от күйгөн 3 муунга арналган эстеликти курдурдум. Сырт айылында Баткен коогалаңында душмандар менен болгон салгылашууда курман болгондорго арналган «Жети баатыр» эстелигин курууда баштан-аяк иш башында турдум. Айдаркен чек ара отрядына «Жети Баатырдын» ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрүп, ал жерде «Жети Баатырга» арналган музейди да өз колум менен куруп, ачтым. Тамаша айылында Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлерине арналган эстеликти курууга көмөктөшүп, Кызыл-Кыяда Ооган, Баткен согушунун катышуучуларына арналган БРДМ аскер техникасы коюлган эстеликти курдук. Баткен, Исфана, Сүлүктү шаарларында жана Үч-Коргондо жоокер-интернационалисттерге мемореалдык эстеликтер курулду. Кадамжайда, Кыргыз-Кыштакта, Өтүкчүдө Өзбекстан менен чек ара аймактарындагы посттордун курулушуна өз салымымды коштум. Далилдер тиркелет.

Менин Ооган согушунун ардагери, Баткен согушунун катышуучусу экендигим жана Баткен коогалаңында башымдан алган жараатым, II группадагы майып экеним эске алынып, 2010-жылдан тартып, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары алган пособие ала баштадым. (Пенсияны чектөө арызы тиркелет). Жеңилдиктердин монетизцияланышына байланыштуу мага ай сайын 7000 сомдон жөлөк пул төлөнүп турулду.

Бирок, 2016-жылы мага жок жерден кине коюлуп, «Сенин Ооган согушунун ардагери экениң жалган. Баткен коогалаңына катышкан эмессиң. Ош окуясына катышканың да жалган» деген куру жалаа жабыла баштады. Көп өтпөй 2018-жылдын июнь-июль айларында мага берилип жаткан жөлөк пул менен пенсияны соттун чечимисиз аскер прокуратурасынын тергөөчүсү, ага лейтенант М. Есеналиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде мыйзамсыз токтотуп салышты. Анысы аз келгенсип, «Сенин ооруганың жалган» дешип, үйүмдө мыйзамсыз тинтүү жүргүзүшүп, М. Есеналиев жана Кадамжай аскер комиссариатынын кызматкери полковник Ж. Нурбаев менен Кадамжай райондук Үй-Бүлөлүк Дарыгерлер Борборунун нервопатологу А. Козубаевалар өз ара сүйлөшүп, мага куру жалааны жабып, жок жердеги күбөлөрдөн көрсөтмө алышты. Акырында жалган жалаа менен мени 4 жылга жатак абагына отургузушту. Мен абактан 2019-жылдын 2-ноябрында бошоп чыктым. (Справка тиркелет).

Азыр мен жүрөк ооруу менен ооруп, эки жолу инсультту баштан кечирдим. Эки жолу инфаркт болдум. Мындан тышкары, биринчи типтеги кант диабети менен ооруп, бүгүнкү күндө инсулин менен жашап келем. Мага дарыгерлер «Гипертоническая болезнь очень высокого риска» деген диагнозду коюшту. Азыр мен психоневропатолол, кардиолог, эндекринолог, терапевттин такай көзөмөлүндө турам. Жакында Оштогу атайын бейтапканадан дарыланып чыктым. (Выписной эпикриз тиркелет).

Сот, прокуратура органдары мен алар талап кылган жогорудагы справкаларды алып келгениме карабай, справкаларды тааныбай, мени улам суракка чакырышты. Мен ден-соолугума байланыштуу суракка бара албадым. Мен берген тактамаларды ар түрдүү эксперттерге жөнөтүп, «Дениң соо» деген дооматтарды коюшууда. Бул жерде күч орган кызматкерлери менин тагдырымды оюнчукка айлантышууда.

Азыр менин ишим каралуучу сот процесси улам артка жылдырылууда. Мындан улам, мамлекеттик органдар тарабынан берилген жогорудагы справкалардын туура экендигин ырастаган документ сураган коррупционерлерди тыя турган күч барбы?

Менин көп жылдык эмгегимди баалаган кишилердин мага карата берген мүнөздөмө, сунуш катары тиркелет.

Куру жалаанын курмандыгына айланып, күчтүү доодон улам айыпка жыгылганым менен мен акыйкат ийилип, бирок сынбай турганына ишенем.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: