Өткөн аптада ырчы Анжелика Кайратовна негиздеген “Бактылуу айым” реалити шоусуна 5 жыл болуп, ага карата кайрымдуулук концерти өттү. Концертке мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ата-энелери менен чакырылып, аларга майрамдык маанай тартууланды. Аталган концертке конок катары Дүрдана Салыкова да келген.
Дүрдананы “Kids Star” тобуна алгандыгы тууралуу ырчы Анжелика Инстаграм баракчасында билдирген.
“Биз жолуктук! Менин коногум! Каарманым Дүрдана!!! “Kids Star” тобуна алдым! Эртең үйүнө көтөрүп кете албаган белегин жеткиребиз! Бактылуу айымдын келечектеги алып баруучусу” – деп жазган ырчы.
Эске салсак, 5-класстын окуучу Дүрдана Салыкова Жогорку Кеңеште окуучулар менен депутаттардын жолугушуусунда мектебиндеги көйгөйдү айтканда, депутаттар күлүп, колдоп кол чапканда, кичинекей кыз ыйлап жиберген..
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ