Menu

Видео – Канышай Мамыркулова, журналист: “Даниялык кыз дардайып келип, идеологиялык “бомбасын” жардырып кетти”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда, “Белгилүү маршрут” акциясы Бишкектеги Кыргыз драма театрынын алдында “Эрден калсаң да, элден калба!”, “Чечинген уят!”,-деген ураандын алдында башталды. Ал жерге ак элечекчен апалар, белгилүү укук коргоочулар жана активист жарандар келишти. Ал жерге келген Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева келип, пикирлерин билдиришти.

Ал эми аталган акциянын уюштуруучуларынын бири, журналист Канышай Мамыркулова бүгүнкү иш-чаранын максатын түшүндүрдү. “Даниялык кыз дардайып келип, Өмүрбек Чиркешович айткандай, идеологиялык “бомбасын” жардырып кетип, Кыргызстандагы көзгө басар көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмө өз максатына жетти”,- деп кубануу, бул туура эмес болуп калат. Анткени, бул жашоо образындагы туура эмес, жат көрүнүш. Аны биз коомчулукка таңуулабашыбыз керек, ар бир жарандын укугун сыйлашыбыз керек. Биз ошол жат көрүнүштүн туура эместигин айтып, кыргыздын улуулугун, каада-салтын коомчулукка жеткирели деген гана максат, башка максат жок“,-деди К.Мамыркулова.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Дал ошол күнү жат көрүнүштөргө каршы акцияны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп, аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Анын эртеси, 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: