АКШнын президенти Дональд Трамп Москвага Кошмо Штаттардагы шайлоо жараянына аралашпоону эскертип, Украина менен карым-катнашты жөнгө салууга чакырды.
Бул тууралуу 10-декабрда Вашингтондо Дональд Трамп менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусунан кийин Ак үй тараткан маалыматта айтылат.
Билдирүүгө ылайык, Трамп “куралдануунун үстүнөн глобалдык көзөмөлдү күчөтүүнү” колдоп, Москваны АКШнын өзөктүк курал жасоого жол бербөө боюнча аракеттерин колдоого чакырды.
Лавров Вашингтонго “Норманд төрттүгүнүн” сүйлөшүүлөрүнөн кийин барды.
10-декабарда Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да Сергей Лавров менен кездешкен. Алар эл аралык жана эки мамлекет ортосундагы байланыш, атап айтканда Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу, Венесуэладагы бийликтин алмашуусу, Украинадагы тынчтык жана Орусиянын 2016-жылы АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү сыяктуу маселелерди талкуулашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ