Экс-депутат Равшан Жээнбеков 48 саатка камакка алынганы тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев бүгүн, 13-декабрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Равшан Жээнбековду “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелери боюнча шектүү катары ИИМдин тергөө башкармалыгы тарабынан 48 саатка камалган.
“Равшан Жээнбеков 7-8-августта Кой-Таш айылында “Альфа” жоокерлерин ачууланган топтун каарынан куткарууга бүт аракетин жумшагандардын бири. Ошондуктан аны кармоого негиз жок болчу. Кечээ Равшан Бабырбекович ИИМге суракка баратканын айткан эле, анда ал Кой-Таштагы окуя кандай болгонун жеринен көрсөтүп берүүгө чакырылганын билдирген. Көрсө, башка маселе менен чакырылыптыр. Тагырагы, Кой-Ташта түзүлгөн “Элдик штабды” башкарган Кыяс Сманалиев деген шектелип жаткан киши менен беттешүүгө чакырылыптыр. Ал деле каршы көрсөтмө бербептир“,-дейт адвокат З.Жоошев.
Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон. Ал боюнча буга чейин ИИМге суракка чакырылган.
Кечээ, 12-декабрда, Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ