Опузалап пара талап кылуу жана алууга шектүү КР Жогорку сотуна караштуу Соттук департаментинин башкармалык башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында КР Башкы прокуратурасына түшкөн материалдардын негизинде, КР УКМК ККК тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жогорку сотуна караштуу Соттук департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы “А.А.” тарабынан ири өлчөмдөгү пара талап кылгандыгы катталды.
Такталгандай, “А.А.” Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчиси “С.Г.” райондук соттордун биринин административдук имаратын капиталдык ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 млн сом өлчөмүндө пара алган.
11-декабрь күнү ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө “А.А.” КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ