Menu

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалы өтүүдө

Бөлүшүү:

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” IX Эл аралык кинофестивалдын ачылышы “Манас” кинотеатрында болуп өттү. Бул тууралуу 14-декабрда фестивалдын уюштуруу тобу билдирди.

Фестивалга эсил кайран СССРдин 15 өлкөсүнүн кинематографисттери катышты. Фильмдерди көрсөтүү орусиялык режиссер Григорий Нахапетовдун “Чынгыз Айтматов. Күнүмдүк күндөр жана кыйырсыз кылымдар” деген тасмасы менен башталды.

Долбоордун негиздөөчүсү, ЖКнын депутаты Садык Шер-Нияз ачылыш аземинде дүйнөлүк массмедианын айынан Кыргызстанды учурунда жаман жагынан гана – башаламандык менен төңкөрүштөр өлкөсү катары көрсөтүлгөнүн айтып өттү.

“Ошол себептен ушул долбоор жүзөгө ашып олтурат, анткени өлкөнүн кадыр-баркын дүйнөлүк аренада көтөрүү керек болду, ийгиликтүү өлкө экенин билдиргибиз келди, өз кинобуз, өз киноиндустриябыз бар экенин жар салдык”, – деп белгиледи негиздөөчү.

Фестиваль катышуучулары үчүн жаңы идея менен бөлүшкөнгө, келечектеги долбоорлорду талкуулаганга мыкты аятча болуп бергенин да кошумчалады.

Иш-чара Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып, 12-15-декабрь күндөрү өтүп жатат. Эл аралык конкурска 14 тасма, улуттук конкурска 18 тасма катышууда. Жеңүүчүлөр 15-декабрда “Манас” кинотеатрынын чоң залында саат 16:00дө жарыяланат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: