Бүгүн, 14-декабрда Лондондо “Дүйнө сулуусу-2019” конкурсунун финалы өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 24 жаштагы Екатерина Заболотнова катышат. Бул тууралуу “Кыргызстан сулуусу” улуттук конкурсунун дирекциясы билдирди.
Алардын айтымында, Екатерина Заболотнованын “Кыргызстан сулуусу” деген расмий наамы бар, ал Лондон шаарына кечээ, 13-декабрда учуп барган. Аталган конкурска быйыл ар кайсы мамлекеттен келген 90 кыз катышат. Жеңген кыздын башына таажыны 2018-жылдагы жеңүүчү мексикалык Ванесса Понсе де Лоен кийгизет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ