Бүгүн, 14-декабрда, кечке жуук экс-депутат Равшан Жээнбековду Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Анын баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алууга чечими чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.
Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.
Равшан Жээнбеков 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон. Ал боюнча буга чейин ИИМге суракка чакырылган.
13-декабрда адвокат Замир Жоошев аны 48 саатка камашканын жана аны камоого негиз жоктугун айтып чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ