Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы жолдогу кар тазаланып, кум чачылууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү бүгүн, 15-декабрда журналисттерге билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Тосор айылынан Каракол шаарына чейин жол тайгалак болууда. Учурда № 35 жол тейлөө ишканасынан 5 техника, 21 адам ишке тартылып, жолго 150 тонна кум себилди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ