Бүгүн, 16-декабрда ажылык сапарга каттоо башталды, Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, документтер мөөнөттөн кечиктирилсе арыздар кабыл алынбайт. Ошондой эле 2020-жылдагы Сауд Арабия Падышалыгына ажылык сапарга зыяратчыларды жеткирүү үчүн Кыргызстан менен Сауд Арабия авиакомпаниялары ортосунда сынак жарыяланган. Сынак 2020-жылдын 21-январында, саат 11:00дө Муфтияттын жыйындар залында өткөрүлөт. Жыйынтыгы 23-январда чыгарылат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ