Мамлекетибиз ар кандай экологиялык жана материалдык чыгымдарды алып келбеген, өлкөнун ички саясатына терс таасирин тийгизбеген мыйзамдуу инвестицияга муктаж эле. Ансыз экономиканы алдыга жылдырууга мүмкүн эмес. 2019-жылдын январь – ноябрында негизги капиталда инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуү бардык каржылоо булактарынын эсебинен 6,3 пайызга көбөйгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 3.8% түзөт. Бул тууралуу КР Каржы министрлиги билдирет. Отчёттук мезгилде иш жүзүндө 133 616,7 млн. сом негизги капиталда өздөштүрүлдү. Курулуштун дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 2019-жылдын январь-ноябрында 9,8 пайызга өсүп, 138 307,5 млн. сомду түздү. 9.8 пайызга өсуү байкалган.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ