Menu

Видео – Кеңешбек Айтикеев, митингге келген адам: “Эмне, Кыргызстанда бир эле Райым Матраимов коррупционер бекен?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрда Ак үйдүн жанында «REакция 2.0» аттуу тынчтык митинги болуп өттү. Анын катышуучулары сөз эркиндигин муунтканга жана коррупцияга каршы пикирлерин билдиришти. Ал жерге буга чейин сынга кабылган “Кырк чоронун” жигиттерди да келишти. Алар Тарых музейинин алдына коюлган балатынын жанына, Манастын эстелигинин алдында өзүнчө митинг кылышты. “Кырк чоронун” жетекчиси Замир Көчөрбаев да алар коррупцияга каршы экендигин айтты. Ал эми алар менен чогуу келген, ошол жерде жүргөн Кеңешбек Айтикеев Райым Матраимовду колдоорун, анын абийирине шек келтиргени үчүн “Азаттык” радиосун сотко бергенин туура көрөөрүн жана Кыргызстанда Райым эле эмес, айыл өкмөтүнөн жетинчи кабатка чейин коррупцияга батып калганын баса белгилеп, суроо берип жаткан журналисттерге да ачууланып, аларга тил тийгизди. Ал “Кырк чоронун” жигиттеринин бириби? Бул ким?” – деп Замир Көчөрбаевден сурасак, аны сыртынан гана активист жаран катары таанырын, “Кырк чорого” эч тиешеси жоктугун айтты.

Кеңешбек Айтикеевдин айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: