18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнүнө карата жумушчу орундардын жарманкеси болуп өттү. Анда жумуш берүүчүлөр 3 миңден ашык орундарды сунуш кылышты. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын кеңеш берүүчү борборунун алдыңкы адиси Эсенбек Эргешов жумуш орду менен камсыз кылууга лицензиясы бар агенттиктер катышканын белгиледи.
“Иш-чараны атайын мигрант күнүнө карата уюштурдук. Жеке агенттиктер 3 миңден ашык жумушчу орун сунуш кылышты, арасында чет өлкөлөрдөн да – Түркиядан, Орусиядан, Белоруссиядан, Кореядан жумуш таап берчү агенттиктер да болду. Бирок биздин максат жарандардын бардыгын чет өлкөгө жөнөтүү эмес. Биз мигранттардын укугу корголсо дейбиз. Бул боюнча Ош облусунун бардык райондору менен айыл өкмөттөрүнө кабар бердирдик”, – деди Э.Эргешов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ