Мына бул сүрөттү көрүп жаным чыгып жатат!! Карамат Бабашовна, эмне мынча ак үйдү өз үйүңүзгө айландырып алгансыз….?? Уят, уялуу, напсини тыю деген барбы сизде! Төраганын артында сол жагында олтурган жигит Абдрахман Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозованын уулу. Эженин жардамчысы болуп жүргөнүн билчүмүн. Баарынан жинимдин кашайганы бүгүн ал Эл аралык бөлүмгө которулуп алып, эми Төраганы чоң визиттерде коштоп жүрөт…. Бул кызматка карапайым адамдардын кычыраган уул кыздары жетпей талаада эшикте калып, мигрант болушууда. Эмне алар иштесе болбойбу, жарашпайбы? Тез арада кызматтан кетсин Абдрахман, ак үй атасынын төрү эмес, же атасынын жеке фирмасы эмес!! Энеси депутат болуп, уулу Эл аралык бөлүмдө иштейт деген кечиримсиз нерсе!! Уялбайсыңарбы? беттин кызылы керек акыры эже!! Эмне биздин жигиттерди кыргыз жигиттер коштосо жарашпайбы? Барса болбойбу, тыю салынганбы?
Баяна Кулова, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ