Menu

Москвада көчөдө калган кыргызстандыкты мекенине кайтарышты

Бөлүшүү:

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган мекендешибиз үйүнө кайтарылганын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Арсен Кудашов билдирди.

Анын айтымында, мекендешибиз У.К. Орусияга жумуш издеп барган. 40 жаштагы мигрант же каражатты жок, же жата турган жери жок, же документи жок жүрө берген.

“2019-жылдын 6-декабрында Кыргызстандын элчилигине У.К.аттуу мекендешибиз жардам сурап кайрылып калды. Аны элчиликтин мейманканасына жайгаштырдык, туугандары менен телефондон сүйлөштү. Эртеси учуп кетиши керек эле, билет да сатылып алынган болучу. Саат 16:00дөрдө тамеки чеккени сыртка чыгып, кайтып келбеди. “Кеткиси келген эмес го” деп ойлодук.

Анан эле соцтармактардан У.К.га жардам көрсөтүү керектиги боюнча постторду окуй баштадык. Акыркы жолу көрүшкөн жердге издеп бардым, жок болуп чыкты. Кыргызстандык мигранттарга телефонумду калтырып, тапсаңар айтып койгула дедим. Эртеси кечке издеп жүрүп таап алдык. Орусиядагы акталаалыктар кийим алып беришти, таксисин төлөп беришти. Аны менен байланыштык, аман-эсен жетип алыптыр”, – дейт А.Кудашов.

Ал мигранттардан чет жакка жумуш издеп чыгардан мурда жакшылап ойлонуп, сурашытырып туруп барууну өтүндү.

“Даярданбай туруп жолго аттана берген болбойт. Ойлонбой эле Орусияга келип алышат. Биринчиден, жумуш орундарды сураштырыш керек, документтерди тактоо зарыл. Ошондо да дагы ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Белгисиз тарапка кетип, көчөдө калып калып жатышат. У.К.ны эптеп үйүнө жөнөттүк, бирок дагы бир көчөдө калган кыргызды таап алдык. Ал 1986-жылы туулган жигит экен”, – дейт Арсен Кудашов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: