“Кечээ күндөн баштап баарыбыз көрүп жатабыз, Бишкек шаарын түтүн каптаганын, ошол ТЭЦте эмнени жагып жатышат? Былтыр түтөбөй эле жакшы жашап жатпадык беле, быйыл эмнегедир бир атайын кылып жатышкандай сезилет, ушундай түтүндөрдү каптатып, ушуну спикер менен өкмөт бир текшерүүгө алдырсаңыздар, протоколдук поручение берип”, – деп талап кылды бүгүн, 19-декабрда парламенттин отурумунда депутат Тазабек Икрамов.
“Ошол жерде иштеген кочегарлар эмнени жагып жатышканын билишет. Эмне менен элди уулап жатышканын билишет. Ошолорду чакырып, суракка алышсын”, – деди Тазабек Икрамов.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ