Menu

46 гезит-журнал жоюлуп,110 кызматкер кыскартылды

Бөлүшүү:

ЖМКларды реформалоонун алкагында, аймактардагы 46 гезит-журнал жоюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева Жалал-Абаддагы журналисттердин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, медиа-борбор ЖМКны заман талабына ылайык иштетүүгө шарт түзүү максатта түзүлгөн. ЖМКны реформалоонун алкагында, 46 гезит-журнал жоюлуп, облустарда иштеген 600 кызматкердин 110у кыскартылып, калгандарынын маянасы 15 пайызга көбөйгөн. Учурда жети облуста медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүүдө, ага облустук телеканал менен облустук гезиттер бириктирилет. Жаңы жылдан баштап аймактык медиа борборлордун бирдиктүү маалымат сайты да иштей баштайт. Аны жасалгалоо жана иштеп чыгуу боюнча тендер жарыяланган.

Эске сала кетсек, ушул жылы, ноябрда Өкмөт бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу максатта мамлекеттик ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселесин  көтөргөн. Бул маселени Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы бюджеттин долбоорун кароо учурунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирген. Ал анда облустагы гезит-телеканалдар оптималдаштырылып, медиа-борбор катары түзүлүп жатканын айткан. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов июль айында республикадагы мамлекеттик 34 райондук гезитти каржылоону токтотуу керектигин айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: