Menu

Новосибирск областында эмгектенген кыргыз жарандарынын абалы талкууланды

Бөлүшүү:

24-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Новосибирск областынын Губернатору Андрей Травников менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Новосибирск областынын ар тараптуу аймак аралык кызматташуусу жана эмгектенген кыргыз жарандарынын абалы талкууланды.

Новосибирск областынын башчысы алдыдагы эки өлкөнүн Кайчылаш жылынын алкагында белгилүү Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун ысымын Новосибирск шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарууну колдоду.  Ошондой эле, ал Башкы консулдук жана Новосибирск областындагы Кыргыз диаспорасынын демилгесин – 2020-жылы Россиянын аймактарындагы кыргыз диаспора арасындагы волейбол боюнча Бүткүл россиялык турнирдин өткөрүлүшүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: