Жаңы жыл майрамына карата Бишкекте веложүрүш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Велоспорт федерациясынан билдиришти.
Алардын айтымында, он жылдан бери уюштурулуп келаткан веложүрүш 31-декабрда Бишкекте өтөт. Мындай иш-чара саат 12:00дө Түштүк дарбаза паркында башталат. Ага катышуучулар велосипед менен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин барып, андан кийин Эркиндик бульварына бурулуп, «Ала-Тоо» аянтына барышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ