Menu

Алтымыш жылдыз биригип, жарыгы жалгыз Айча жок…

Бөлүшүү:

Жазганы да, тартканы да кайталангыс,

Ар киносу атпай журтка аброй, намыс…

Атак-даңкы Ала-Тоодон ашып кеткен

Болот ага Айтматовдой бүгүн жалгыз…

Биз сыртыбыздан бири-бирибизди билсек да, көзмө-көз жолугуп, баарлашкан эмес экенбиз.

Эки-үч жыл мурун «Көлдөгү «Витязь» пансионаты Маданият кызматкерлерине тийди» – деп, ошол кездеги Маданият министри Түгөлбай Казаков сүйүнчүлөп, адабият менен искусствонун аксакалдарын чакырып чай берип, бата алды. Бокем экөөбүз ошол жерден таанышып, эртели-кеч кобурашып, ой бөлүшүп калдык.

Өнөр ээлери эсепке алынбай тагдырдын өгөй балдарына айланган чалкеш, 25 жыл болгончо бутуна тура албаган бечел заманда нукура талантка эгедер, кыргыздын багына бир келген Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев иштен алынып, ордун ортозаар чиновниктер ээлеп, анысы аз келгенсип кыргызды кыйырга тааныткан, кыргыз кереметин жараткан Төлөмүш Океевге, Болот Шамшиевге кино тартканга акча бөлүнбөй, саргая күтүп, үмүт менен жашап жүрүп, акыры келбес сапарга кетишти. Бирөө мурун… бирөө кийин…

Кыргызда «Атаң алтымышка чыкканда, алдап-соолап күчүн ал» деген сөз бар. Аны эгемен замандагы ээликкен, мансапка жээликкен, Кудайды тааныбай бараткан чоң-кичине жетекчилер билген жок. Билгиси да келген жок. Билсе ушул Бокем… Тарткан киносунун аты аталса жарк этип элеси көз алдыга тартылган Болот Шамшиев же Болот Шамшиев десе: «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Караш-Карашы», «Ак-Кемеси», «Манасчысы» эске түшкөн, кыргызда эле эмес дүйнөлүк кино өнөрүндө өз орду бар чоң сүрөткер 25 жылдан бери болбогондо 5 мыкты кинону тартып калтырат эле го?!

Кайрандар, кантели… өзүм гана болоюн, мен гана көрүнөйүн деген карөзгөй күнгө туш болушту.

Ич күптүсүн, арманын ошол жакын таанышып, баарлашып калгандан улам билдим. «Кожомкул» аттуу толук метраждуу кинонун сценарийин берди. «Окуп чыгыңызчы» – деп. Себеби, орусчадан кыргызчага которткон экен. Бир татым тузу жетпей турганын сезген окшойт. Мен кино жаатында адис болбосом да, адабий өңүттөн тил жагынан карап чыгып, жеке жолукканда оюмду айтып, сценарийдин котормосундагы алешем жерлерин кагазга жазып бердим. Эки-үч айдан кийин дагы апкелди. Дагы карап чыктым.

Акыркы жолу эки ай мурун телефондон сүйлөштүк эле. Дагы эле «Кожомкул» тууралуу. Кыскасы бышып-жетилип калган, калган-катканын иш процессинде оңдоп-түзөп кете турган чыгарма эле. Тартылып калганда кыргыз кино искусствосу үчүн жакшы иш болмок…

Аттиң… кечээ интернетке чыккан мурунку чакырылыштагы бир депутат карындашымдын маалыматын окуп алып, ичим сыйрылды. 70 депутаттан бир гана ушул карындашым Бокеме жооп бериптир…

Эй, айланайындар! Болот Шамшиев кайрылуу жазып, анан силер чечип Эл баатыры боло турган киши беле?! Болот Шамшиевди сый-урмат менен, эч бир коллегия-лоллегиядан маселесин карабай, кыргыздын маданиятына, киносуна, кыргыз эле эмес, бир кездеги чоң империя СССРдин киноискусствосуна жасаган эмгеги үчүн көздү жумуп туруп кол коюп, Ала-Тоо аянтына чакырып төшүнө Ак шумкарды тагып, «Эл баатыры» дей турган АДАМ болчу!!!

Алтымыш жылдыз биригип, жарыгы жалгыз Айча жок дегендей, алтымыш эмес алты жүзүң биригип Болот Шамшиевке боло албайсыңар. Ушуну биле жүрөлү.

Жер саткан, кен саткан, көр саткан менен алектенген, бийик искусство деген эмне экенин баалабаган, бардыгын акча менен ченеген муунга таарынба, Боке!

Сизди сыйлаган, урматтаган, укумдан-тукумга айта жүргөн кадырман журтуң бар. Акчасы жок болсо, китептери чыкпаса да адабият үчүн жашап, калем кармап, жакшылыктан үмүт үзбөй келаткан калемдеш-тилектештериңиз бар.

Сиз өзүңүзгө эстелик тургузуп койгон улуу, бийик адамсыз. Сизди баалабагандар – өз бийиктигинен Сиздин бийиктигиңизге көзү жетип көрө алган жок. Таарынбаңыз.

Кош болуңуз, кыргыздын Сүймөнкул менен Нургазыны тапкан – Табылгасы, жайда чыккан – Кызгалдагы, Ысык-Көлдө сүзгөн – Ак кемеси, эрте жаздагы -Турнасы… Сиз дагы кайтпаска кеткен, кыргыздын атын тааныткан залкарлардын сабына барып кошулдуңуз.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Болот ага!

Анатай Өмүрканов, КР эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: