Бакиев эле жакшы болчу окшойт, жеке оюм.
Достор мен Тоңдон – Балыкчыдан болом, Бакиевский эмесмин, мен саясатчы эмесмин, Жарандык активист дагы эмесмин. Жаран катары акыркы маалда көп ойлончу болдум, ушул кишинин башкаруусунда эгемендүүлүкө келип, океңдерден көз каранды болбой, экономикабыз жакшы өсүп калганбыз, Максим деле кыйын менеджер болгон. Океңдердин каарына калды, анан бандиттерден кем калбаган убактылуу Өкмөт элди алдап, төңкөрүп, кууп жибердик. Акыры Убактылуу өкмөт бизди итке мингизди, мамлекет эли менен кошо чарчашты. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кийин тарых баа берет. Мени жаман көрбөгүлө, Бакиев базар кыдырчу, эсиңерде барбы, азыркылар базар кыдыра алышпайт. Акыйкатты айталык. Мындай беспредел болгон эмес. Өлкө чөгүп баратат. Мындай кетиште 7-8 жылда мамлекет толук кыйрайт.
Ооба, мен Бакиевдерди мактабаймын, туура эмес жерлери көп болгон, бирок бары бир азыркылардан жакшыраак эле болчуго дейм…
Баары салыштырмалуу…
Сыймык Жапыкеев, блогер
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ