Жаңы жыл алдында Ысык-Көлдөгү “Байбоосун” жаратылыш коругундагы видеокапкан ак илбирсти тартып алган. Бул тууралу facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Алика Карабаева 27-декабрда өзүнүн баракчасында видеотасма жарыялады.
“Байбоосун” жаратылыш коругу Тоң районунун тоолуу аймагында, Тескей Ала-Тоонун 10 миң гектар жерин ээлейт. “Байбоосун” коругунда ак илбирстен башка да тоо теке, элик, кекилик, улар, кундуз сыяктуу жапайы жаныбарлар мекендешет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ