Чүй облусундагы Сокулук районунда тургузулган эстеликке, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун айкелине уят сөз жазган эки окуучу кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, кыздар жазып кеткен уят сөздөр эстеликтен толугу менен өчүрүлгөн. Бул факт вандализм беренеси боюнча, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, териштирүү иши башталган. Териштирүүнүн жүрүшүндө, Жаңы-Жер айылындагы мектептердин биринде окуган 8-класстын эки окуучусу кармалган. Алар ата-энелери менен чогуу милицияга чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ