Menu

Назира Айтбекова, алып баруучу: “Төшөктө кызык оюн көрсөтө албай, кысынып, уят деп, дөңгөч болуп жата берип, өзүңдүн минчү жериңе башканы мингиздирип алган аялдар, кечирип койгула!”

Бөлүшүү:

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова кечээ эркектер тууралуу “Кечирип койгуласын” жазган. Бүгүн болсо, “Кечирип койгула 2” аталышта аялдар тууралуу ой-пикирин өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды. 

1. Эркектерин эркелетип, көзүн карай берип, сөз көтөрө алгыс кылып, көптүрүп алган аялдар, кечирип койгула!
2. Төпөштөп атса да, үн чыгарбай, мүшөк болуп жата берип, өлүмгө өзү чуркаган аялдар, силер да кечирип койгула!
3. Өзүн көмүскөгө көмүп коюп, эри үчүн, баласы үчүн, башкасы үчүн жашап, өз жашоосун көз жаздымда өткөргөн аялдар, силер да кечирип койгула!
4. Кайын энеден, кайын журттан тепки жеп, чыдап, анан келинине ошол эле зомбулукту көргөзгөн аялдар, силер да кечирип койгула!
5. Үйдөгүнү эс алдырып жаткырып коюп, анан килейген турмуш жүгүн асынып алып, талаалап иштеп жүргөн аялдар, силер да кечирип койгула!
6. Чачыңарды түйдөктөй кылып, тамак сиңген халат менен жүрө берип, эриңерди тарттырып жиберип, бырылдап ыйлап, арманын айтып бүтпөгөн аялдар, силер да кечирип койгула!
7. Төшөктө кызык оюн көрсөтө албай, кысынып, уят эле уят деп, дөңгөч болуп жата берип, өзүңдүн минчү жериңе башканы мингиздирип алган аялдар, силер да кечирип койгула!

8.Бирөө сенден сурангансып, өмүрүңдү, убактыңды, жашооңду, жаштыгыңды балдарыңарга арнап алып, алар турмуш куруп кеткенде кур жалак калдым деп ыйлаган аялдар, силер да аман эле болгула!

9. Өмүрүмдү сага арнагам эми сен мага арна деп балдарынын жашоосуна кийлигише берип, ажыраштырып, жадагалса балдарын суицидге түртүп алган аялдар силер да кечиргиле!
10. Көрүнгөн жакка балдарын таштап, күнүмдүгүн ойлогон күкүк энелер, силер да кечиргиле!
11. Жат десе эле көрүнгөнгө жата берип, болгон эркекти сугара берген аялдар аман болгула. Ымдаса эле кете бересиңерби! Өлгөнү калган немедей!
12. Сүйбөй эле акчасын алыш үчүн, байлыгына көмүлүш үчүн сезимдерин аттап өтүп, жийиркеничтүү эркектердин алдында ырахатты имитация жасагандар, силер да аман болгула!

Кыскасы, аялдардын жаман жагын көргүм келчү эмес. Дайым аячумун. Аяр мамиле кылчумун. Өзгөчө кыргыздын аялындай аял жок! Бир дагы өлкөдө биздин аялдардай сүйүүгө туруктуу, өңгөсү үчүн өзүн садага чапкан, төпөштөп атса деле чыдай берген аял көргөн жокмун! Кечиргиле, аялдар! Бүгүн төпөш жеп атып өлүп атсак, бүгүн эркектен сөгүш угуп, тил угуп, кор болуп атсак, өзүбүз күнөөлүүбүз! Алтын ортону таба албаган, өзүбүздү өнүктүрүүгө салым кошо албаган, билим алып, өзүбүздү сүйүп, жашоону өзүбүзгө арнап, туулган күнүбүздө ыраа көрүп, байпак сатып алып кие албаган биз күнөөлүүбүз! Эркектердин кейпи бул болуп атса, ошону тыңдап тарбия бере албаган өзүбүз күнөөлүүбүз! Мен дагы аялмын! Мен дагы катарыңардамын! Бут алдыңда жаткан нерсе дайым тебелендиде болот. Өзүңдү качан бийик коюп, сыйды талап кылсаң, ошонү күтөсүң! Өңгөнү сүйүш үчүн сөзсүз эле өзүбүздөн баш тартышыбыз керек эмес! Чычалагыла, жек көргүлө, чындык ушул“,-деп сөзүн бүтүргөн Н.Айтбекова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: